Ишканалар үчүн атайын сунуштар
Тамак-аш өнөр жайы
АСКА компаниясы Борбордук Азиядагы тамак-аш өнөр жай ишканалары үчүн дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнөн жабдууларды жана чийки заттарды үзгүлтүксүз жеткирип турат. Сатып алынган товарлардын негизги топтору:
тамак-аш ингредиенттери, боёктор, ароматизаторлор,
«Е» тобундагы кошулмалар, колбаса өнөр жайы үчүн кабыктар жана башкалар.
Биздин ишмердүүлүктө 100дөн ашык ишканалар биздин туруктуу кардарларыбыз болуп калды. Биз регион
үчүн тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана биз аяктаган ар бир жеткирүү
долбоору менен сыймыктанабыз.
Биз менен иштөөнүн артыкчылыктары:
  • Текшерилген жабдуучулардын кенен пулу
  • Үзгүлтүксүз жеткирүү
  • Бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү
  • Тамак-аш өнөр жайындагы тышкы экономикалык иштер боюнча тар профилдеги адистер

  • Ишенимдүү репутация

  • Европада жана Борбордук Азияда кеңселердин жана жеке консолидация кампаларынын кеңири тармагы
Текстиль өнөр жайы
Текстиль өнөр жайын жабдуунун негизги тобун шаймандар, тетиктер жана ар түрдүү боёктор түзөт. Биз Бишкек шаарындагы бир өндүрүш ишканасы менен кызматташуудан баштаганбыз, бүгүнкү күндө
7 текстиль өнөр жай ишканасына үзгүлтүксүз
товарларды жеткирип турабыз.
Дүйнө жүзүндөгү ар кайсы өлкөдөгү жабдуучулар менен түзүлгөн мамилелер, продукциянын кеңири ассортименти, компаниянын кызматкерлеринин кесипкөй иши бизге кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө эң жакшы сапаттагы жана эң кыска мөөнөттө продукцияны сунуштоого мүмкүндүк берет.
Жеткирүү кызматтарынын комплекси төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Жабдуучуну издөө, тышкы соода иштери келишимин түзүү
  • Жеткирүү, бажылык тариздөө
Курулуш материалдар өнөр жайы
ASKA Global Trade – курулуш мекемелерин комплекстүү жабдууну ишке ашырат. Биз бекиткичтерди, инструменттерди, керектелүүчү материалдарды, такелаждарды, курулуштук, өндүрүштүк жана кампалык жабдууларды дүң жана чекене сатууну ишке ашырабыз.
Биздин кызматтар:
— Техникалык консалтинг
— Дүйнөнүн бардык өлкөсүнөн шаймандарды жана материалдарды издөө жана сатып алуу
— Эл аралык «эшиктен эшикке чейин» жеткирүү
— Бажылык тариздөө

Бизди ондогон курулуш компаниялары тандашат:
  • Кеңири ассортимент
  • Товарларды тандоодо жардам көрсөтүү

  • Сапатына кепилдик

  • Оптималдуу шарттар

  • Товарды жеткирүү мөөнөтүнүн бат болушу